Шамалдуу-Сай шаардык мэриясы муниципалдык кызматынын улук кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт Улук кызмат орундарынын тобу боюнча Шаардык мэриянын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: — жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: — Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; Жалпы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Жер кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”; “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын. Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын. кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу. – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Шаардык мэриянын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: — жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: — Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын. Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамын. кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу. – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Шаардык мэриянын башкы эсепчиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: — жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Бухгалтердик эсеп”,). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: — Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”; “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга жана убакыттын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамы. билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу. көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар). Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: — сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы; — кадрларды каттоо баракчасы; — 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; — резюме; — паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт); — жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү; — өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ; —эмгек китепчеси. Документтерди кабыл алуу жарыя ММК жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндө төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Шамалдуу-Сай шаары, Ленин кɵчɵсү, 28. Кошумча маалымат алуу үчүн тел: 0778-352-755 Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Манас шаардык статистика башкармалыгы