Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы жана улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Конкурс 2025-жылдын 18-ноябрынан тартын 1-декабрга чейин өткөрүлөт. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2. 18 жаштан жаштан жогору; 3. Соттуулугу жок; Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө: Башкы топтун административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет: Билими: Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик, муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Билими: Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – жеке арыз; – сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана эл.почтасын көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү; – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтер «Конкурска» деп жазуусу бар папкада жөнөтүлүшү керек. Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 2025-жылдын 19-ноябрынан 2- декабрга чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чүй облусу, Сокулук району, Кожомкул айыл өкмөтү , Фрунзе көчөсү 116, 1-кабинет. Сурап билүү телефондор: (03134) 63042 Жазуулар боюнча багыттоо Сокулук районун З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтү сынак жарыялайт