Ош облусунун Араван районунун  Төө-Моюн айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы жана улук тобун элөөгө ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. 

Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

  1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары – административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна   ылайык иштелип чыкты.
  2. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет.
  3. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
  4. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт.
  5. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт.
  6. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:

1)    кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек;

2)    административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына;

3)    кесиптик компетенцияларга:

–       Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө;

–       кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча).

  1. Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат.

Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат.

Учурдагы жылда жогорку (орто кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чойрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

  1. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана/ же орто билими жөнүндө дипломдо корсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет.

Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана/же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана/же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат.

  1. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
  2. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун  функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт.

Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  10. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Суу Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндо Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын Эмгек  Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын  “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын  “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын    2022-жылдын 2 февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобону;

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2 февралындагы  № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө Жобону;

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 31 январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө Жобону;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтомун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын   6-майындагы  №213 Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн  тартиби  жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” Токтомун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Токтомун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомун.

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

–    билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

кириш-чыгыш документтер менен иштөө;

айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо,

эмгек мыйзамдарын сактоо;

инвестицияларды тартуу;

бизнес долбоорлорду даярдоо;

жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу.

–       көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Айыл өкмөтүнүн бөлүмүнүн башчысы  кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Финансылык,  экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлөө сферасы).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын,

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Айыл өкмөтүнүн юрист-мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: ( Юриспруденция).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

«Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексин;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобону;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө Кодексин;

Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамын;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

–  билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

административдик тартип бузуулар менен иштөө;

экологиялык бузуулар;

үй-бүлөлүк зомбулук;

диний радикализм

криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө;

пробация;

жер мыйзамдарынын сактылышы;

санитардык эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы;

айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо;

аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо;

укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү.

–  көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча  башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Айыл чарба жана айыл чарба илимдери,  Геодезия жана жерге жайгаштыруу,  Автоматташтыруу жана башкаруу, Техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана  гидрометереология, Архитехтура жана курулуш, Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, Гелогия, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Суу Кодексин”;

Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө  Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”  Мыйзамын;

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому билүүсү зарыл.

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Токтомун;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук жана кирешелер (салыктар) боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Финансылык-экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика, Маданият жана искусство багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин;

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин;

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Талап кылынуучу документтер:

– өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча);

– өздүк баракчасы;

– 4х6 өлчөмүндө сүрөт;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган);

– паспорттун көчүрмөсү;

– резюме;

– дипломдун көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган);

– өмүр баян;

– соттуулугу боюнча аныктама.

Документтер Ош облусунун Араван районунун Ак-Шар айылы, Эгемендүүлүк көчөсү дареги боюнча, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн имаратында 2025-жылдын 1-декабрынан 12-декабрына чейин кабыл алынат.

Сурап билүү үчүн 0500 59 94 59 телефону аркылуу кайрылууга болот.