Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эльчибек Джантаев жарандарды кабыл алууда. Кабыл алуу ар жуманын жума күндөрү, саат 08:00дөн 09:00гө чейин өткөрүлөт. Агенттикте ошондой эле «Онлайн» коомдук кабылдама иштейт. Бул кызмат аркылуу алыскы райондордон жана айылдардан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жашоочулар борборго келбей эле, аралыктан түз байланышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышат. Мындай формат жарандардын убактысын үнөмдөп, маселелердин ыкчам жана жеринде чечилишине шарт түзөт. Бүгүн да коомдук кабылдама улантылып, алыскы аймактардан жарандар байланышып, Агенттиктин директорунан кадр саясаты, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарын окутуу, административдик-аймактык реформанын алкагында жаралган маселелер (аталыштар, макам берүү жана башка)жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагына байланышкан суроолорго жоопторду алышты. Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын сапатын жогорулатуу, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана жарандар менен ачык-айкын, натыйжалуу иш алып баруу багытында туруктуу иштерди жүргүзүүдө. Коомдук кабылдамага агенттиктин бөлүм башчылары да катышып, өз багыты боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүшөт. Коомдук кабылдамага жазылуу үчүн: (0312) 66 03 39 Жазуулар боюнча багыттоо ЭЛЬЧИБЕК ДЖАНТАЕВ: “ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТИ КҮЧТӨНДҮРҮҮ — ӨЛКӨНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШО ТУРГАН ЖАЛПЫБЫЗДЫН ИШ”