Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн коңкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн коңкурс жарыялайт

Документтер электрондук форматта 2025-жылдын 22-декабрынан 23-декабрына чейин иш күндөрү саат 9:00 дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Коңкурс үч этапта өткөрүлөт:

  • Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо.
  • Экинчи этап– компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн ЧУА тизмеси).
  • Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.

Конкурска катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет.

Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:

– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;

– эмгек китепчеси;

– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик

Дареги: Бишкек ш. Чүй пр. 122

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.: (0312) 62 04 12, 66 01 49  

Агенттиктин аймактар аралык башкармалыктары:

  • Дареги: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 1-кабат.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: тел.:(0312) 62-08-90,62-05-49

  • Дареги: Нарын ш. Ленин көчөсү 76, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-кабат) Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03522) 5-23-00
  • Дареги: Талас ш. Бердике Баатыр көчөсү 287, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2- кабат)

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03422) 5-48–99

  • Дареги: Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2- кабат)

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.: (03922) 5-05–65.

  • Дареги: Ош ш. Ленин көчөсү 221, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2- кабат).

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.: (03222) 5-66-15, 5-50-76.

  • Дареги: Баткен ш. Т.Садыков көчөсү 221, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2- кабат).

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.: (03622) 5-02-93.

  • Дареги: Манас ш. Ж.Абдурахманов көчөсү 6, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты).
  • Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.: (03722) 2-45-66, 2-43-06.