Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-жогорку билим;
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

7) Кыргыз Республикасынын  “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

– «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

– жеке арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
– негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

Конкурс жарыялангандан тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер «делого» тиркелип, Чаек айылы, М.Алыбаев көчөсү №39, Жумгал райондук Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.

Сурап билүү байланыш номер: 0(3536) 23-236; 23-033 Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.