Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 ПЖ “ Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө ” Жарлыгына ылайык, административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: 1) Башкы кызмат орундары үчүн: – мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юридикалык, экономикалык, техникалык, гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим. – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 2) Улук кызмат орундары үчүн: – экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты, техникалык, энергетика,айыл чарба,гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим. – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ: Башкы кызмат орундары үчүн: Жалпы Мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасыны Мыйзамы; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик багыты боюнча: 1) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын ”Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы; 8) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы; 9) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу; 10) “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу. Улук кызмат орундары үчүн: Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик багыты боюнча: Кыргыз Республикасынын «Кепилденген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө кодекси” Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР e-Kyzmat автоматташтырылган маалымат системасынын https://kyzmat.gov.kg/ порталындагы “Жеке кабинет” аркылуу тапшырылат: – өзүнүн арызы; – өздүк баракча; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); жогорку билими жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер; –эмгек китепчеси; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер; – паспорт. Документтер 2026-жылдын 11-мартынан 21-мартына чейин кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат. Дареги: Кош-Дөбө айыл өкмөтү Чыныбек Болуш көчөсү №64 Байланыш тел: 0775200488 Жазуулар боюнча багыттоо Чаткал райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы