1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим (юридикалык багыттар боюнча); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенциялары: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Ресубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; эмгек китепчесинин электрондук түндүк аркылуу (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 календарлык иш күндүн ичинде (2026-жылдын 25-март баштап 2026-жылдын 3-апрелге чейин) кабыл алынат Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтин толук топтомун электрондук форматта “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу же жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Кызыл-Суу айыл өкмөтү Кызыл-Суу айылы Манас көчөсү 194. Кошумча маалыматтарды тел.0394652141 алсаныздар болот. Атк.: Е.Кадаева 996700793889 Сынак өткөрүү мөөнөтү боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Балыкчы шаарынын мэриясынын улук административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: