Айыл өкмөтүнүн жоопту катчы кызматына

 1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары боюнча төмөнкүлөрдү билүү:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  1. КРнын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын  мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары.
  • Кыргыз Республикасынын “Инвестиция жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

  Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

Жер маселелери боюнча башкы адис

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба  багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары боюнча төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.
  • КРнын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы

 Башкы адис – Инвестиция жана сатып алуулар боюнча башкы адиси;

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары боюнча төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.
  • КРнын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Инвестиция жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.

Квалификациялык коюлуучу талаптар:

– коммуникабелдүү, өз алдынча  иштөөгө жөндөмдүү

– компьютерде иштей билүүсү,  (Word? Exzel)

– кыргыз жана орус тилдеринде  эркин сүйлөй жана  жаза билүүсү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат:

– Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына  жазылган арыз,

– Кадрлар боюнча өздүк баракчасы, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт,

– Өмүр баян, мүнөздөмө,

– Дипломдун, паспорттун, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн)

-соттуулугу жок деген тастыктама                  

Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып, 10 (он) жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги Баткен району Төрт-Гүл айыл өкмөтү, Чек айылы А.Алпаизов көчөсү №70 дареги боюнча кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет. Кошумча маалымат алуу боюнча   төмөнкү даректен  сурап билсе болот. Тел.(03622) 6-08-91, моб.тел  0776057078