Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: «Экономика жана менеджмент», мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу; «Гуманитардык илимдер», юриспруденция багытындагы жогорку кесиптик билим. Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: 1.«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө»; 2. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»; 3.«Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу»; 4.«Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө; 5. “Аксакалдар соттору жөнүндө”; 6. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”; 7.«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»; 8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы N 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестри; Көндүмдөрү: Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; Талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; Башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; Кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; Милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү; Чыр-чатактарды жөнгө салуу; Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; адистерди башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу Компьютерди жогорку деңгээлде колдоно билүү (Инфодокс электрондук документ жүгүртүү системасында, е-кызмат автоматташтырылган маалыматтык системада жеткиликтүү деңгээлде иштей билүүсүү. Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: «Экономика жана менеджмент», мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу; «Гуманитардык илимдер», юриспруденция багытындагы, « Бухгалтердик эсеп жана аудит» , айыл чарба (агроном), жер багытындагы (картограф, жерге жайгаштыруу инженери) , “Социалдык иш” социалдык тармак боюнча ,жогорку кесиптик билим. Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү. Жалпы Мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу», «Жер казынасы жөнүндө», «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жерди өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу», «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө», Көндүмдөрү: Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; Талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; Башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; Кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; Милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү; Чыр-чатактарды жөнгө салуу; Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; Компьютерди жогорку деңгээлде колдоно билүү (Инфодокс электрондук документ жүгүртүү системасында жеткиликтүү деңгээлде иштей билүүсү) ; Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат: конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт); дипломдун көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); эмгек китепчесинин көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери; Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу; Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды жарыя чыккан күндөн тартып жумушчу 10 күндүн ичинде саат 18-00гө чейин тапшыруу керек. Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт. Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайт. Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат ордунун резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт