Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтомунун алкагында бекитилген 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясатты ишке ашыруу максатында, ошондой эле мыйзамдуулук, ачыктык жана объективдүүлүк принциптерин камсыз кылуу үчүн Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын көңүлүн коррупцияга каршы талаптарды так сактоого көңүл бурат.
Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы коррупцияга жол бербөөгө, мыйзамдуулукту сактоого жана этикалык нормаларды карманууга милдеттүү!
Негизги ченемдик укуктук актылар:
– КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
– КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
– КР “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
– КР “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.
Бул актыларга ылайык кызматчылар:
– пара албоого жана бербөөгө;
– кызматтык милдеттерди калыс жана ак ниет аткарууга;
– жеке кызыкчылыктарды кызматтык милдеттерден жогору койбоого;
– коомго ачык жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тийиш.