I. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; Негизги ЧУАнын тизмеси: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик ЧУАнын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндөгү” №43 Жарлыгы. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө» Жобо; Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 02-февралындагы №25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо; II. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: –жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Негизги ЧУАнын тизмеси: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик ЧУАнын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”; “Билим берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; КРнын “Салык кодекси”. III. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн: -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы). Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл: -өздүк арыз; -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) -кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы; -сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ; -билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); -эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); -жарандык паспорт (көчүрмөсү); -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Үч-Коргон айылы, Х.Дадабаев- 91. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт Орозбеков айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын башкы, улук топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: