Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүүгө конкурс жарыялайт
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– юриспруденция чөйрөсүндөгү жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүк:
Билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүсү, кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонуусу, ошондой эле расмий тилди билүүсү;
– “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
– 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө
Жобо.
Билгичтиктер:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
– компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word,
Excel, “ТОКТОМ МамлекетПро” маалыматтык-укуктук системасы).
Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар арызды электрондук форматта “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу бере алышат, өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн документтер).
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 13-апрелинен 27-апрелине чейин.
Көктөмөгө көктөлгөн документтерди саат 8:30дан 17: 30га чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек ш., Токтогул көч. 105, 26-иш бөлмө, телефон аркылуу маалымдама: 62-13-24.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.