Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13 – февралындагы № 43 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарга конкурс жарыялайт:
1. Бакшы административдик мамлекеттик жарандык кызмат орунга жалпы квалификациялык талаптар:
Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы”;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
5) “Жарандардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; кароо тартиби жөнүндө”
6) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Кызыкчылыктардын кагылушуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы»
10) “Коррупцияга каршы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын аракеттенүү Өкмөтүнүн жөнүндө” 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
1. Эл аралык кызматташуу багыты боюнча квалификациялык талаптар:
•Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер (лингвистика, эл аралык мамилелер багыты боюнча), экономика жана башкаруу (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттар боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси;
– “Эл аралык келишимдер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 – жылдын 4 – мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобосу;
– Эл аралык жаратылышты коргоо конвенцияларынын, Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жаатындагы стратегиясынын жалпы саясатынын (экологиялык коопсуздук концепциясы, токой тармагын өнүктүрүү Концепциясы, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ж. б.) ишмердүүлүгү.
Билгичтиги:
– иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алууга жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууга;
– талапдардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү жана аларды жөнгө салуу;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
2. Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; кароо тартиби жөнүндө”
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын аракеттенүү Өкмөтүнүн жөнүндө” 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
•Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер (лингвистика, эл аралык мамилелер багыты боюнча), экономика жана башкаруу (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттар боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси;
– “Эл аралык келишимдер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 – жылдын 4 – мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобосу;
– Эл аралык жаратылышты коргоо конвенцияларынын, Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жаатындагы стратегиясынын жалпы саясатынын (экологиялык коопсуздук концепциясы, токой тармагын өнүктүрүү Концепциясы, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ж. б.) ишмердүүлүгү.
Билгичтиги:
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо маселелери;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– натыйжалуу кызматташтык пландарын иштеп чыгуу,
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жагындагы эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– чет тилдерди билүүсү.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет:
– паспорттун көчүрмөсү;
– кадрлык өздүк баракчасы
– өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү).
Документтерди тапшыруу 2026-жылдын 10-апрелинен 19-апрелине чейин (кошкондо) жүргүзүлөт. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.
Биздин дарек: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265 “а”, 1 – кабат 108- кабинет; моб.телефону: 0220618127 (9:00дан-18:00чейин).