Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2026-жылдын 10-апрелинен 20-апрелине чейин административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
– Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;
– жаш курагы 21 жаштан төмөн болбошу зарыл;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү (2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес;
– компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү;
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;
– мыйзамда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулук.
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин;
5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин.
АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Юриспруденция багыты боюнча
– жогорку юридикалык билим.
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
(коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу)
– жогорку кесиптик билим (юриспруденция, экономика, башкаруу).
– коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча сертификаттардын болушу артыкчыльк болуп саналат.
Шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча
– ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим. Юридикалык билими барлар артыкчылыктуу болуп саналат.
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Программалоо багыты боюнча
– Маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу багыты боюнча жогорку техникалык билим.
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Маалыматтык коммуникациялык технологиялар багыты боюнча
(Базар-Коргон, Өзгөн, Түп аймактыктарына)
– ар кандай профилдеги жогорку билим. Маалыматтык система, маалыматтык коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү билим артыкчылыктуу болуп саналат.
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Финансы жана экономика багыттары боюнча
– финансы жана экономика чөйрөсүндөгү жогорку билим.
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар электрондук форматта
“Е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу же кагаз түрүндө төмөнкү документтерди берүү менен арыз бере алышат:
1) конкурстук комиссиянын төрагасынын атына өзүнүн арызы;
2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү (3х4, 4х6);
3) зарыл кесиптик билимин ырастоочу документтер, иш стажы жана квалификациясы (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимин, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жөнүндө күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү);
4) паспортунун көчүрмөсү;
5) аскердик билеттин көчүрмөсү;
6) тиркөө папкасы (документтер үчүн).
Документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, дареги боюнча № 201 бөлмөдө беш жумуш күнүн эске алуу менен 2026-жылдын 10-20 апрелин кошуп алганга чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тамактанууа тыныгуу – саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат.
Толук эмес документтерди тапшырган, ошондой эле коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катыштырылбайт.
Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылса болот.