Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт: – мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө; – маектешүү. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) (1 штаттык бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналдарды башкаруу, гуманитардык илимдер, юриспруденция жана табият таануу илимдери). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси; – Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси; – Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13 -февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жобосу; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобосу; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31 январындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” № 17 Жарлыгы. – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү; – кызматтык милдетин аткаруу үчүн электрондук документ жүгүртүү системасын жетиштүү денгээлде билүүсү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өзүнүн ишин жана айыл өкмөтүнүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – айыл аймагында иштин баардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иш, компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, САНАРИП, СЭД маалыматтык-укуктук системасы), калктын инфраструктуранын ,социалдык обьекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү,калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү ж.б. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – адистерди башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү; – статистикалык маалыматтар менен иштөө. Жооптуу катчы кызмат ордуна квалификациялык талаптар (Б-Б) (1 штаттык бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналдарды башкаруу, гуманитардык илимдер,техникалык, юриспруденция жана табият таануу илимдери). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Суу кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 02-февралындагы №25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюумдарды -Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; – Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому; – Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; – Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому. – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу билүү; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) (1 штаттык бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, Бухгалтердик эсеп жана аудит, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багытында.). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенциялары: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы; – КыргызРеспубликасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобосу. – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү; – кызматтык милдетин аткаруу үчүн электрондук документ жүгүртүү системасын жетиштүү денгээлде билүүсү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; – социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгуу жана аткаруу, экономикалык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү, экономикалык отчеттуулукту, план-божомолдорду даярдоо, бухгалтердик отчеттуулукту, экономикалык өнүгүүнүн индикаторлорун жүргүзүү ж.б. – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel,САНАРИП, СЭД маалыматтык-укуктук системасы). Жер маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна квалификациялык талаптар (У-А) (1 штаттык бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш адистиктери, юриспруденция, финансылык-экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багыттары боюнча). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 “Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатуу-сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” Токтому. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылдар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Юрист, мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис кызмат ордуна квалификациялык (У-А) (1 штаттык бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, юриспруденция, бухгалтердик эсеп жана аудит). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы ыйзамдары: – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – бөлүмдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өзүнүн ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү; – статистикалык маалыматтар менен иштөө; – айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иш, компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, САНАРИП, СЭД маалыматтык-укуктук системасы),калктын, инфраструктуранын, социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү, калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү ж.б. Коомдук коопсуздук, пробация жана өзгөчө кырдаалдар боюнча боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) (1 штаттык бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, гуманитардык илимдер,техникалык, юриспруденция жана табият таануу илимдери). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси; – Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси; – Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамы. – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү; – кызматтык милдетин аткаруу үчүн электрондук документ жүгүртүү системасын жетиштүү денгээлде билүүсү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – бөлүмдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өзүнүн ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү; – статистикалык маалыматтар менен иштөө; – айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иш, компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, САНАРИП, СЭД маалыматтык-укуктук системасы),калктын, инфраструктуранын, социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү, калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү ж.б. Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын көктөмөгө толуктап тапшыруу керек: – өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча); – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча -1 даана; – 4х6 өлчөмүндө сүрөт 2 даана (ак түстө); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү, дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган); – паспорттун көчүрмөсү; – резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен)№ – өмүр баян, соттолбогондугу эмес боюнча маалыматы менен. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыянын тексти Агенттиктин расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, 10 жумушчу күндүн ичинде (2026-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин) жумуш күндөрү саат 08:30дан 17:30га чейин Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы, М.Мамакова көчөсү – 15 дареги боюнча Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат Байланыш телефон: 0772 72 34 34. Эскертүү: жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген талаптарга жооп бербеген жарандар сынакка катышпайт. Тапшырылган документтер кайтарылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусунун Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтү