Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик  же муниципалдык кызматтагы  стажы жалпысынан  1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес.

2.Резервге кирүү үчүн тестке  катышууга  төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

-Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

– Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү).

Документтерди электрондук түрдө “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат.

Документтерди сайтка жарыя  чыккан күндөн тартып  10 жумушчу күн ичинде (25 майдан 08 июньга чейин)  Жети-Өгуз  райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгына тапшыруу керек.

Дарек: Жети-Өгуз району,Кызыл-Суу айылы к. Б.Ибраева №64 , Телефондор (03946) 51-6-60

Сурап билүү  үчүн байланыш номер:   0 700 74 59 77