Бишкекте “Санарип аймак” системасын толуктоо боюнча окутуу өтүүдө Бүгүн, 26-май күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасынын негизинде бүгүн, Бишкек шаардык мэриясында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү боюнча окутуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана тармактык мекемелер менен биргеликте Агенттик тарабынан уюштурулуп, ишке ашырылууда. Иш-чаранын алкагында: “Санарип аймак” системасына маалыматтарды толук жана так киргизүү; жер тилкесине муктаж жарандардын тизмелерин актуалдаштыруу; муниципалдык мүлктөрдү каттоо иштерин ыкчамдатуу; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери каралууда. Окутууга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттик Окутууларын улантууда КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ ЖОК!