Жалал-Абад облусундагы Манас шаарында иш сапарынын алкагында

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Жалал-Абад облусундагы Манас шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Агенттиктин Манас шаарындагы тестирлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында тест борборунун материалдык-техникалык базасы, тестирлөө процессин уюштуруу шарттары жана жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүү үчүн тест тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле борбордун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, тестирлөө системасын мындан ары өркүндөтүү, ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды.

Руслан Кубаталиев мамлекеттик кызматка тандоонун сапатын камсыз кылууда тест борборлорунун ролу маанилүү экенин белгилеп, алардын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Иш сапар аймактардагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана кадрларды тандоо процесстерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду.