Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башкы жана улук топтогу кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн конкурс жарыялайт. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: Административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: – Кыргыз Республикасынын жараны; – Соттолбогон жаран; – 21 жашка толгон жаран. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: – жогорку билим: – жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө беш жылдан кем эмес иш стажы; Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – жогорку билим: – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы; Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Жөндөмдөрү: – жогорку жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу; – документтерди, маалыматтарды жана суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана эл аралык тажрыйбаны талдоо жана аны иш жүзүндө колдонуу; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын суроо-талаптарына жоопторду кароо жана даярдоо; – мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; – командалык иштөө. Көндүмдөр: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютердик жана оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону билүү; – аналитикалык документтерди даярдоо; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жаңы эмгек шарттарына көнүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керектелет: – жеке арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен); – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү; – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); – окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү. — Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2026-жылдын 12-июнунан баштап 25-июнуна чейин саат 09-00дан 18-00го чейин. Жазуулар боюнча багыттоо Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт