#ТазаКыргызстан #МенПараБербейм #МенПараАлбайм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтому менен бекитилген 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясатты ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мыйзамдуулук, ачыктык жана объективдүүлүк принциптерин камсыз кылуу максатында, Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так сактоосуна өзгөчө көңүл бурат. Коррупция — коомдун туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жараткан терс көрүнүш. Ал мамлекеттик институттарга болгон ишенимди төмөндөтүп, адилеттүүлүк принциптерине доо кетирет. Ошондуктан ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы мыйзам талаптарын так сактап, коррупцияга каршы аракеттерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын жүрүм-туруму коомчулуктун мамлекеттик башкарууга болгон ишенимин калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Ар бир кызматкер өз милдетин аткарууда мыйзамдуулукту, ачыктыкты, жоопкерчиликти жана ак ниеттүүлүктү жетекчиликке алып, жарандарга адилет жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн GovHR форумуна катышты