Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жарандык кызматтын улук администрациялык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт.

Документтерди берүү мөөнөтү: 2026-жылдын 2-июлунан 16-июлуна чейин.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
– Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
– мамлекеттик жарандык кызмат үчүн 21 жашка толгон болууга;
– белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
– өзүнө карата кылмыш иши козголбогон, төлөнбөгөн же алынбаган соттуулугу болбоого;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы -коррупциялык кылмыш же башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, соттулугу болбоого;
Квалификациялык талаптар:
Администрациялык кызмат орундардын улук топтору үчүн:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика; юридикалык; мамлекеттик жана муниципaлдык башкаруу;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан
l жылдан кем эмес же тиешелyy кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Администрациялык мамлекеттик жарандык кызмат орундардын улук топторуна жалпы квалификациялык талаптар.
Администрациялык кызмат орундардын улук топтору үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
Администрациялык кызмат орундардын улук топтору үчүн:
1.“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы №183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтому;
9.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы №468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтому;
10.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы №291 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо.
2) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
3) Санариптик иш-билгиликке талаптар:
Компьютер жана мобилдик түзүлмө менен иштөө:
– текстик, графикалык жана жадыбалдык редакторлор менен иштөө;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, ооштуруу, алып салуу жана калыбына келтирүү;
– тышкы перифериялык түзүлмөнү кошуу;
– диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү).
Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: издөө, маалыматтарды алмашуу жана сактоо) (Интернет, эл. почта жана башкалар)
– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
– издөө тармактарын колдоно билүү;
– ар кандай браузерлер менен иштөө;
– кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда сыпайы өз ара аракеттешүү.
– жасалма интеллектти колдонууда маалыматтык коопсуздук жана кызматтык маалыматтын купуялуулугу боюнча талаптарды сактоо.
Өтө көп билдирүүлөр менен иштөө: жаңы билдирүү иштеп чыгуу жана түзүү.
– билдирүүлөрдүн жана ар кандай маалыматтардын жогорку ылдамдыкта өзгөрүү шартында маалыматтык база менен иштөө;
– кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугун колдооо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоону жана билдирүүнү иштеп чыгуу;
– файлдын өлчөмүн кыстыруу менен маалыматтардын чоң көлөмүн кабыл алуу/жөнөтүү.
Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү берүү
– бет ачаарларды уюштуруу;
– эсептөө менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
– маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү.
Прикладдык программалык өнүмдөрдү жана тейлеме кызматтарды колдонуу
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу;
– Веб-конференц-байланышты уюштуруучу тиркемелерди колдонуу;
– Видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн вебтиркемелерди пайдалануу;
– Тексти оңдоо жана редактирлөө.
Оргтехника менен иштөө
Кеңселик техникалар менен иштөөнү билүү:
– Көчүрмө аппараттары.
– Принтер.
– Сканер.
– Проектор же интерактивдүү такта.
– Факс.
Маалыматтык коопсуздук
– Антивирустук программаларды колдонуу;
– Логин жана пароль орнотууну билүү;
– Компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
4) Билүүсү керек жана көндүмү:
билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– талданма документтерди даярдоо;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу жана командада иштөө;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына ынгайлашуу;
– документтерди, маалыматтарды жана суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүү.
көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикалык иштерде колдонуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык өнүмдөрдү колдоно билүү.
Сынакка катышууну үчүн “e-Kyzmat” https://kyzmat.gov.kg/ мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу өтүнмө жөнөтүү зарыл (2026-жылдын 2-июлунан 16-июлуна чейин), өтүнмөгө электрондук форматындагы (документтердин түп нускасынан сканерленген) документтер тиркелет.
– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; (Эгерде кесиптик жогорку билим жөнүндө документ чет мамлекеттин мекемеси тарабынан берилген болсо, талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына электрондук форматтагы арызына документке апостильди да тиркейт. Документ чет тилинде түзүлгөн учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулган күбөлөндүрүлгөн котормосунун сканерленген көчүрмөсү тиркелет.
Ал эми кесиптик жогорку билим жөнүндө документ чет мамлекеттин QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринин ТОП 500үнө кирген мекеме тарабынан берилген болсо, анда аталган документти Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан нострификациялоо талап кылынбайт. Болбосо, талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына электрондук форматтагы арызга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан берилген бул документтин нострификациялоо тастыктаган документти да тиркейт.
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даражаны жана илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).
– Мамлекеттик тилди билгендигин тастыктаган «Кыргызтест» системасы боюнча В2 же С1 деңгээлиндеги сертификат (эгер бар болсо).
– өмүр баян (Өзү жана жакын туугандарынын соттолгондугу жөнүндө же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматын көрсөтүү менен);
– сүрөтү менен резюме;
Талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматта арызга тиркелүүчү документтер каралып жаткан кызмат орундарынын тобуна квалификациялык талаптарга шайкеш келүү үчүн документтердин түп нускасынан сканерден өткөрүлүшү керек. Сканерлөөдө негизги документ да, ага кошумча барактар жана тиркемелер да (анын ичинде дипломдорго тиркемелер, жазууларды, белгилерди, мөөрлөрдү, кол тамгаларды жана башка реквизиттерди камтыган кошумча барактар) камтылууга тийиш.
Документтердин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү толук, кесилген бөлүктөрү жок болууга жана кол тамгаларды, мөөрлөрдү жана 2 башка реквизиттерди кошо алганда, бүткүл документти чагылдырууга тийиш. Документтердин сканерленген көчүрмөлөрү “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук түрдө жүктөлөт.
Файлдар үчүн техникалык талаптар:
Файлдардын жол берилген форматтары: PDF. Эгерде бир нече барак болсо (мисалы, диплом тиркемелери менен, эмгек китепчеси ага кошумча барактары менен), сканерден өткөрүлгөн документ бир PDF файлында берилиши керек. Сүрөт так, оңой окулуучу жана түстүү болушу керек (зарыл болгон учурда, эгерде ал түп нускага дал келсе, боз түстө). Бир файлдын максималдуу көлөмү 10 МБ болушу керек. Көлөм ашып болгон учурда, окуу мүмкүнчүлүгүн жоготпостон сканерленген сүрөттүн чечилишин (dpi) алгылыктуу деңгээлге чейин азайтуу же документти бөлүктөргө бөлүү сунушталат (мисалы, “Эмгек_китепчеси_1–10.pdf”, “Эмгек_китепчеси_11–20.pdf” ж.б.). Сканерленген документтердин мазмунуна коюлуучу талаптар. Файлдар документтин түрүн көрсөтүү менен аталышы керек. Мисалдар: – Diplom.pdf – Emgek_kitepchesi.pdf-Emgek_kitepchesi_1-10.pdf – Tuulgan_tuuraluu_kuboluk.pdf – Til_sertifikaty_B1.pdf. Документтер тексттин бөлүктөрүн жашырбастан же караңгылатпастан толук көлөмдө берилиши керек. Сканерленген документти оңдоого же бурмалоого жол берилбейт, талаачаларды бир аз кесүүгө жол берилет (эгерде бул маалыматтын окулушуна жана бүтүндүгүнө таасир этпесе).
“e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматта арызга тиркелген документтердин бардык сканерленген көчүрмөлөрү талапкердин жеке жоопкерчилиги астында берилген деп эсептелет.
“e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу арыз берүүдө документтердин сканерленген көчүрмөлөрү түрүндө берилген документтердин түп нускалары талапкер тарабынан аңгемелешүү этабында салыштыруу үчүн көрсөтүлөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эгерде “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы электрондук форматтагы арызга тиркелген документтердин сканерленген көчүрмөлөрү алардын түп нускаларына дал келбесе же документтер жасалма болуп чыкса, талапкер конкурска катышуудан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Ачык конкурстун кулактандыруусунда көрсөтүлгөн мөөнөттө документтердин сканерленген көчүрмөлөрү толук көлөмдө берилбеген учурда, талапкер конкурстук тандоонун кийинки этабына киргизилбеши мүмкүн.
Тестирлөө этабында талапкер Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) же ким экендигин тастыктаган башка документтин түп нускасын көрсөтөт.
Маалымат үчүн телефон: 0312-61-09-27, 0555-61-09-27 иш күндөрү саат 9-00 – 17-00 чейин кайрылсаныздар болот.
Бишкек шаары, Москва көчөсү 151, кабинет 206.

ЭСКЕРТҮҮ: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга сынакка катышууга уруксаат берилбейт.

 

wpChatIcon
wpChatIcon