Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) Жогорку билим (баардык багыттагы);
2) Иш стажы жана тажрыйбасы;
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш
стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөндөгүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды;
2. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
3. Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
4. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
5. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
6. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”;
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси”;
8. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;

12. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
13. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
14. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын
классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» Мыйзамы;
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды
топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин
бекитүү жөнүндө” Токтому;
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №213 Жарандык
коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”
Токтому;
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө
кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз
райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий
баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому;
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык
коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун билуусу зарыл.
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Конституциялык Мыйзамы;
3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
5. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама.
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
1) Баардык багыттагы жогорку билим:
– Улук кызмат орундары – жогорку билим;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдары;
2. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз
Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
4. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

5. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»,
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
6. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
7. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
8. Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
9. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө»
10. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
12. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн
өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу» токтому;
13. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө»
Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому;
14. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын
мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
жөнүндө» токтому.
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү;
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word,
Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (уюлдук номерин, электрондук почтаны, жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен),

– соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымдама

– өздүк таржымал (өмүр баян),

– негизги жана кошумча билими (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kgэлектрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды 2026-жылдын 8-июндан баштап 17-июнга чейин  саат 9-00 дан 17-00го чейин тапшыруу керек

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген
жарандар конкурска катышпайт.
Документтерди кабыл алуу Жумгал районундагы Жумгал айыл өкмөтүндө кулактандыруу
жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.

wpChatIcon
wpChatIcon