Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди баалоо системасын өркүндөтүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылды

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик аганттик менен Korea Development Institute (KDI) тарабынан ишке ашырылып жаткан Билим алмашуу программасынын (KSP) 2025/2026-жылдарындагы жыйынтыктоочу отчеттук иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын өркүндөтүү жана аны санариптештирүү боюнча жүргүзүлгөн биргелешкен изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Санжарбек Джумадылов, Агенттиктин директорунун орун басары Барчынай Садирова, Ким Кван Жэ, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Изилдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен KDI эксперттеринин кызматташуусунун алкагында жүргүзүлдү.

KDIнин долбоордук тобу мамлекеттик кызматтагы адам ресурстарын башкаруунун эл аралык тажрыйбасына негизделген сунуштарын, анын ичинде кызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо механизмдерин өркүндөтүү, баалоонун объективдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу, мониторинг жүргүзүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча сунуштарын тааныштырды.

Агенттиктин жетекчилиги кореялык эксперттерге жүргүзүлгөн талдоо жана даярдалган практикалык сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, долбоордун жыйынтыктары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоонун сапатын жогорулатууга, кадрдык башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

wpChatIcon
wpChatIcon