Ысык-Көлдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме болуп өттү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Уңгужол жамааттардын демилгеси жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу республикалык семинар уюштурду. Аталган иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдык өнүгүү жолуна баа берүүгө, жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоого, аймактардын өнүгүүсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга жана жергиликтүү башкаруунун келечектеги багыттарын талкуулоого багытталды. Республикалык семинар-кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан Капалбаев Октябрь Эркинович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген өкүлдөр катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Ысык-Көл айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгиликтүү тажрыйбалары, социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган долбоорлор, инфраструктуралык демилгелер, айыл чарба багытындагы иштер жана жергиликтүү жамааттардын активдүүлүгү менен таанышты. Семинардын алкагында катышуучулар Эрик Асаналиев атындагы «Жеңиш» сейил багына барып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюшту. Ошондой эле айылдык маданият үйүндө кол өнөрчүлүк буюмдарынын, маданий баалуулуктардын, айыл чарба жана коммуналдык техникалардын, инфраструктуралык долбоорлордун көргөзмөлөрү уюштурулуп, катышуучулар Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү, муниципалдык башкаруу багытындагы тажрыйбалары жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстери менен таанышты. Семинардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыгынын негизинде катышуучулар арасында «Акыл Майдан» интеллектуалдык долбоору өткөрүлдү. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле «Акыл Майдан» интеллектуалдык долбоорунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич куттуктоо сөз сүйлөп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө салым кошкон эмгек алдыңкыларын сыйлады. Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы өзгөрүүлөр, коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер жана жергиликтүү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтар берилди. Семинардын практикалык бөлүгүндө катышуучулар Ысык-Көл айыл аймагындагы бир катар объектилерге барышты. Алардын арасында «Жашыл Мурас» муниципалдык алма багы, «Мурас» ителги борбору, «Данис Берри» ЖЧКсынын чычырканак тааласы, Тогуз-Булак айылындагы жергиликтүү жамааттардын ишмердүүлүгү жана башка социалдык-экономикалык объектилер болду. Ошондой эле катышуучулар Каркыра жайлоосуна барып, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» кинотасмасындагы Момун чалдын үйү, тарыхый «Сан-Таш» эстелиги жана Чар-Кудук жайлоосу менен таанышты. Республикалык семинар-кеңешме жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун жогорулатууга, жамааттардын демилгелерин колдоого, аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган мыкты тажрыйбаларды жайылтууга жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташуусун чыңдоого багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көлдө «Акыл Майдан» интеллектуалдык таймашы өтүүдө