Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн улук административдик мамлекеттик  кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы ачык сынак жарыялайт.  

Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн улук административдик мамлекеттик кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар

  1. Жалпы жоболор

1.1. Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар (мындан ары – Квалификациялык талаптар) “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты;

1.2. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн функциялар же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүргүзүлөт;

1.3. Кошумча Квалификациялык талаптар бөлүм, секторлордун адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды катмыйт;

1.4. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.   

 

  1. Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

 

Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик кызмат орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысына түздөн-түз баш ийет.

2.1 Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин денгээли:

– жогорку билим: (Дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускама.

Ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобону.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

– конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);

– дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

– билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери.

 

Документтер жарыянын тексти сайтка жарыяланган күндөн тартып, 2026-жылдын 22-июль күнү саат 18-00гө чейин, Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүндөгү № 62/1 дареги боюнча Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат.

Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.

Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.

Тел.: 5-20-81, 0777 79 02 54.

wpChatIcon
wpChatIcon