Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башкы кызмат орундарына  коюлуучу квалификациялык  талаптар (Б-А,Б-Б)

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

 

Кыргыз Республикасынын  “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын    2026-жылдын 13 февралындагы № 43 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 02 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын    2017-жылдын 31 январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жобо;

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

–   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 «Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

  • билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

 

  • көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Ак-Терек айыл өкмөтүнүн улук кызмат орундарына  коюлуучу квалификациялык  талаптар (У-Б)

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын « Айыл чарбаны  өнүктүрүү жөнүндө” » Мыйзамы ;

–   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 «Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

     Резервге кирүү үчүн тестке  катышууга  төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
  • Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;
  • Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү).
  • Документтерди электрондук түрдө “Е-
  • “Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат. Документтерди сайтка жарыя  чыккан күндөн тартып   10 жумушчу күн ичинде (20 июлдан 30 июльга чейин).
  • Белгиленген талаптарга туура келбеген  документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Документтер массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндɵн тартып 10 календарлык күнгɵ чейин Тоң району, Ак-Терек айыл ɵкмɵтү, Кара-Коо айылы, Батыркан көчөсү №29 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс ɵтɵ турган күн талапкерге кошумча билдирилет.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн тɵмɵндɵгү телефондорго кайрылыныздар:

 

   0705125773 жана 0556125773

 

 

wpChatIcon
wpChatIcon