Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик  же муниципалдык кызматтагы  стажы жалпысынан  1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес.

        Негизги жана предметтик тестти түзүү үчүн булактардын тизмеси:

Негизги тест:

  • “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” (КР 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилген)
  • “Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматы жөнүндө” КР 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 Мыйзамы
  • Укуктук ченемдик актылары боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 20.06.2009ж №241
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы (2026).
  • “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” КРӨ 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
  • КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” 2007-жылдын 4-майындагы №67 Мыйзамы.
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы КР Мызамы 17.07.2023ж №140

Предметтик тест:

  • “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” 28.07.2017ж. №163 Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”  №214 Мыйзамы 03.08.2015ж.
  • Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнундө” Мыйзамы 03.04.2008ж №38.
  • Резервге кирүү үчүн тестке  катышууга  төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
  • – Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
  • -Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;
  • – Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү).
  • Документтерди электрондук түрдө “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат. Документтерди сайтка жарыя  чыккан күндөн тартып   10 жумушчу күн ичинде (20 июлдан 31 июльга чейин)  Жети-Өгуз  райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгына тапшыруу керек.

 

Дарек: Жети-Өгуз району,Кызыл-Суу айылы к. Б.Ибраева №64 ,

Телефондор (03946) 51-6-60

Сурап билүү  үчүн байланыш номер:   0 700 74 59 77

wpChatIcon
wpChatIcon