Чолпон-Ата шаардык мэриясынын чыгашалар боюнча башкы адис  административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык улук кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды  түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук  актылардын  негизинде:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • тиешелүү багыттагы жогорку билим (Экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу багыттары)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес  же тиешелүү  кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:
  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

– Кыргыз Республикасынын  “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамдарды билүүсү зарыл;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

– билгичтиги:

–         маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

–         аналитикалык документтерди даярдоо;

–         тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

–         кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

–         иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

–         эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышууга ниеттенген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет.

Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет:

– өзүнүн арызы;

– резюме;

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

 

Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 20-июлунан 31-июлуна чейин (кошкондо) жүргүзүлөт.

 

ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.

 

 

Эскертүү: Документтер толук берилбеген учурда, конкурстук комиссия тарабынан четке кагылат.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн дарек:

Чолпон-Ата шаардык  мэриясы

Чолпон-Ата ш. Совет көчөсү 75д.

Тел.0394342000, 0394342961

 

 

 

wpChatIcon
wpChatIcon