Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
  3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  9. Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна

Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар  (Б-А)

            Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим

Стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын  “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын    2026-жылдын 13 февралындагы № 43 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын  02 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын    2017-жылдын 31 январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жобо;

 

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы-кызмат ордуна (У-А)

Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

            Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим (Экономика)

Стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык коомдук  саламаттыкты сактоо боюнча башкы адиси

Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

1.Улук кызмат орду (У-Б):

 башкы адиси

            Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим

Стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жѳлѳк пулдар  жѳнүндѳ”;

 

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, жана турак жай комуналдык маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптари(У-Б)

  1. Кесиптик билимдин денгээли:
  • Тийиштүү багыттагы жогорку билим, (геодезия жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, архитектура жана курулуш, техникалык жана табигый илимдер багыттары, логистика, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштыруу жана гидромерология, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу).
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө  Мыйзамы;

 

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн киреше  башкы адис кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптари(У-Б)

  1. Кесиптик билимдин денгээли:
  • жогорку билим
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Салык  кодекси”

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:     Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына  жазылган жеке арыз, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документеринин көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү,  кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен, илимий даражаны жана наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү,  паспорттун көчүрмөсү,

Белгиленген талаптарга  туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган  жаранды сынакка катыштырууга жол берилбейт.    Сынакка катышуу үчүн  керектүү документтерди  жарыя чыккан күндөн тартып  10 жумушчу  күн ичинде  төмөнкү дарек  боюнча тапшыруу керек:   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас-194 дареги 2-кабат, кадрлар бөлүмү

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2026-жылдын  14-июлдан баштап  23- июльга чейин.

 

wpChatIcon
wpChatIcon