Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт: – административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө. 1. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу (экономика жана регионду өнүктүрүү тармагы боюнча) үчүн: Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку кесиптик билими. Стажы жана иш тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамы. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; – ишти натыйжалуу пландоо; – калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу); – аналитикалык документтерди талдоо; – кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. – кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо; – кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү. 2. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу (социалдык маселелер тармагы боюнча) үчүн: Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку кесиптик билими; Стажы жана иш тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; -ишти натыйжалуу пландоо; -калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу); -аналитикалык документтерди даярдоо; -кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; -ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. 3.Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу (иш кагаздарын жүргүзүү боюнча) үчүн: Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку кесиптик билими. Стажы жана иш тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди Билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо; -маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; -ишти натыйжалуу пландоо; -калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу); -аналитикалык документтерди талдоо; -кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; -ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -командада иштөө. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасын көрсөтүү менен); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо түп нускасын көрсөтүү менен); Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу талапкердин инсандыгын аныктайт. Паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт. Конкурска катышуу үчүн “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берилет. Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде тапшыруу керек. Дареги: Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы, Ч.Айтматов көчөсү №7, Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 3-кабат, 315 иш бөлмөлөрү Тел: 0551-55-66-76 Кушубаков Айбек Жазуулар боюнча багыттоо Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт