Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна 2 бирдик.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;2) 21  жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн  (башкы адис): 

1) Билими

 Жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

 

       2) иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 – негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1.Кыргыз Республикасынын  Эмгек Кодекси;

  1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;

4.Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы;

5.Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана “Допингге каршы улуттук борбор” допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобону 20.12.2024-ж. № 776;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иш-сапар чыгымдардын нормаларын белгилөө жана тартип менен ордун толтуруу жөнүндө” токтому 26.08.2008-ж. № 471;

7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук мекемелерде тамактануун акчалай нормалары жөнүндө” токтому 15.01.2008-ж. № 7;

8.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому 10.02.2012-ж. № 85;

9.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жетектөөчү спортсмендердин стипендиясы жөнүндө” токтому 23.11.2018-ж. № 554;

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо

 

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);
  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (сканерленген документтер);
  • эмгек китепчеси (иш стажы бар болсо сканерленген документтер);
  • илимий даражаны жана    илимий   наамды    (бар    болсо)    ыйгаруу   жөнүндө документтер (сканерленген документтер);
  • “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат;
  • Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 15-август күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл.

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так болушу керек.

 

Дареги: Талас шаары Манас көчөсү №43,  Тел. /03422/ 5-31-01.

Моб. 0557855814; 0700144023(whatsapp)

wpChatIcon
wpChatIcon