Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1.Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер КЕРЕКТЕЛЕТ: – өтүнмө (электрондук түрдө https://kyzmat.gov.kg порталы аркылуу берилет); – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо); Конкурска катышууну каалаган талапкерлер https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу: – электрондук форматта өтүнмө берет; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт; – мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт. Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (түп нускадагы документтердин сканерленген варианты) тиркелет. Көңул буруңуздар: Өтүнмө берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин өтүнмөгө сканерлеп тиркелүүчү документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтынан таанышып чыгыңыздар: https://mkk.gov.kg/о-перечне-документов-необходимых-для/ Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна ачык конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл: I. Жалпы мыйзамдар. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамы. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн мыйзамдар. 8.Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; 9.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы; 10.Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Мыйзамы; 11.Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы; 12.Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы. 13.”Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилуучү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 14.”Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 15.“Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 16.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2З-июнундагы №402 Кайрылман статусун берyy тартиби жөнүндө токтому менен бекитилген жобосу; 17.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтому; 18.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтому; 19.”Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; 21.”Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 22.Кыргыз Республикасынын “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Мыйзамы; 23.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги №216 “Кыргыз Республикасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун киргизүү жөнүндө” Токтому; 24.Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлө Кодекси” Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнундө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси” Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө Кодекси” Тестке катышуу үчүн документтерди башкармалыкка тапшырууну каалаган талапкерлер сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшыруу керек. Дарек: Кадамжай шаары, А.Жалилов көчөсү , № 25. Телефондор (03655) 50726 Сурап билүү үчүн байланыш номер: 0777155644 Жазуулар боюнча багыттоо Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖАРЫЯЛАЙТ.