Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык,Таш-Мойнок айыл өкмөтү ички кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү административдик муниципалдык кызмат ордуна конкурс жарыялайт: Квалификациялык талаптар Улук административдик муниципалдык кызмат орундары – 1 бирдик 1) Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билим: 2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз; – кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт; – резюме (электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү менен); – өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен); – негизги жана кошумча билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн; – паспорттун көчүрмөсү. Ачык конкурска андан аркы катышууга талаптарга ылайык келген документтерди тапшырган талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл. • Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочулар документтерди 2026-жылдын 31-июлунан баштап 13-августка чейин тапшыруусу зарыл. Дарек: Чүй облусу, Аламудүн району, Кой-Таш айылы, Аблесов көч. № 53. Байланыш тел . 0312 45-28-75, 0500474811 Квалификациялык талаптардын баарына жооп берген талапкерлер конкурска катышуу үчүн чакырылат. Байланыш телефондорун так көрсөтүү зарыл. Кабыл алынган документтер кайтарылып берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясы ачык конкурс жарыялайт