Сокулук районунун Манас айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.02.2026-ж. №43 Жарлыгы менен бекитилген “Ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервине конкурс жарыялайт: Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (У-А), 1-бирдик 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит, техникалык, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) КР “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы 2001-жылдын 19-декабры №111 2) КР “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” мыйзамы 2009-жылдын 26-майы № 170 3) КР «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» мыйзамы 2017-жылдын 28-апрели № 70 4)“Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси 2016-жылдын 16-майы № 59 – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – жөндөмдөр: маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо; тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; жаңы эмгек шарттарына көнүү – көндүмдөр: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу; компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу; Бухгалтер башкы адис (У-Б) 1-штаттык бирдик 1)Кесиптик билимдин деңгээли: – экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит, техникалык, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча жогорку кесиптик билим. 2)Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3)Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси 2016-жылдын 16-майы № 59 2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – жөндөмдөр: маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо; тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; жаңы эмгек шарттарына көнүү – көндүмдөр: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу; компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу; Юрист башкы адис (У-Б), 1-бирдик 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку юридикалык билими; 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 2) КР “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамы 2016-жылдын 16-декабры № 201 3)“Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодекси. 4) Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» мыйзамын; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; -кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш; -көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн каалоочулар жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча Манас айыл өкмөтүнө документтерин тапшырышы керек: Манас айылы, Школьная көчөсү 19А (айыл өкмөтүнүн имараты) . Конкурска катышууга каалоо билдирген талапкерлер арызды электрондук форматта мамлекеттик “e-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg/) порталы аркылуу жеке кабинети менен тапшыра алышат.Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө тиркелет: Маалымат үчүн Телефон: (0312)61-77-28; (0705) 17-96-56; Бардык кызматтарга талап: КРнын жараны 18 жаштан жогору. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: 1.Билдирүү. 2.Кадрларды эсепке алуу баракчасы. 3.Өмүр баяны. 4.Сүрөт. 5.Паспорт (көчүрмөсү). 6.Эмгек китепчеси. 7.Кесиптик билимин, квалификациясын жогорулатууну тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн), резюме. 8.ИИМдин МБСЫНАН соттолбогондугу тууралуу маалым кат. Жазуулар боюнча багыттоо Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт