Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби жөнүндө жобого ылайык, административдик кызмат орундарынын улук топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. 1. Кесиптик билим деңгээли: – «Экономика» жана «Гуманитардык илимдер» багыттары боюнча жогорку билим; 2. Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат өтөө стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы кеминде 1 (бир) жыл, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы кеминде 3 (үч) жыл болушу керек. 3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 4. Тармактык мыйзамдарды билүүсү: – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – Кыргыз Республикасынын «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө жобо; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 700 «Баалуу металлдарды “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун аянтчасында сатуу жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагынан баалуу металлдарды жана кошо алынуучу өндүрүлүүчү металлдарды камтыган рудаларды, концентраттарды жана калдыктарды алып чыгуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү тартиби; – Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына баалуу металлдарды жана курамында баалуу металлдар бар сырьелук товарларды алып кирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып чыгуу жөнүндө жобо; – Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына асыл таштарды алып кирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып чыгуу жөнүндө жобо; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 «Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө» токтому. Билүүсү жана жөндөмү: – жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – ички документтерди даярдоо; – кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жүргүзүү жана ишкердик кат алышуу; – өз ишин натыйжалуу пландаштыруу. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – өз оюн так жана түшүнүктүү баяндоо, иштиктүү мамилелерди түзүү; – ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү. Конкурска катышууга ниет билдирген талапкерлер арызды «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта бере алышат: https://kyzmat.gov.kg/. Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө) тиркелет: — жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими – болгон учурда), тиркемелери менен; — эмгек китепчеси, анын тиркемелери менен; — илимий даражасы же илимий наамы жөнүндө документ (болгон учурда); — квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (болгон учурда). Ачык конкурска документтери, байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтасынын дареги) туура жана так көрсөтүлгөн талапкерлер чакырылат. Документтердин толук топтомун тапшырбаган же белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катышууга жол берилбейт. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябрынан 26-сентябрына чейин (кошуп эсептегенде) Байланыш телефондору: 66-22-41. Экзамен тапшырууга жиберилген талапкерлерге экзамендин өткөрүлө турган орду жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат берилет. Кененирээк маалымат: https://ddm.kg/ Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы ачык сынак жарыялайт