Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” №125 Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” № 24 Жарлыгына ылайык, Кербен шаарынын мэриясы башкы жана улук кызмат орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт! – Улук кызматтын кадрлар резерви – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, финансылык, экономика, социалдык иштер, табигый илимдер, искуство, педагогикалык,гуманитардык багыттагы, энергетика тармагы, курулуш жана архитектура, юриспруденция, айыл чарба, агроном техникалык картография жана геодезия; 2) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдүү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясын; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР. Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР. Мыйзамы – “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР. Мыйзамы – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КР. Мыйзамы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүулөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; Көндүмдөрү: ченемдик актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Башкы топтогу кызматтын кадрлар резерви – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык, гуманитардык илимдер, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, ветеринардык, табигый илимдер, техникалык, архитектура жана курулуш, энергетика тармактарында) 2) кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР. Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси – К.Р. “ Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” КР. Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү” мыйзамы; – “Маалымат алуу укугу жөнүндө” КР. Мыйзамы – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн документтер: – бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз ( контакттык телефон номери менен); – кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, 4 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү менен; – резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгондугу жана соттолбогондугу жөнүндө маалымат); – билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү дипломдорунун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат. Кербен шаары, Ныязалы көчөсү №7, Кербен шаарынын мэриясы, А. Туманбаева. Тел: 0771 77 10 15 Жазуулар боюнча багыттоо Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтү