«Жаш лидерлер» (Young Leaders’ Program) программасы боюнча Японияда узак мөөнөттүү 2027–2028-жылдарга окуу курсуна кабыл алуу узартылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттик, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте, 2027–2028-жылдарга Япония Өкмөтүнүн (Япониянын билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги) бир жылдык стипендиялык «Жаш лидерлер» магистрдик программасына талапкерлерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

Программанын максаты – Азия өлкөлөрүндө келечектеги улуттук лидерлерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Японияны тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзүү, ошону менен дүйнөнүн бардык бурчтарындагы лидерлердин ортосунда жеке жана интеллектуалдык байланыштарды түзүү, Япония менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо болуп эсептелинет.

Бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын университеттеринде «Мамлекеттик башкаруу» (School of Government) жана «Саламаттык сактоону башкаруу» (Healthcare Administration) багыттары боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Бул программаларга талапкерлер төмөнкү негизги квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

Мамлекеттик башкаруу «School of Government» программасы:

Жарандыгы: Кыргыз Республикасы;

Жашы: 2027-жылдын 1-октябрына карата 40 жаштан ашпашы керек;

Англис тили: TOEFL-IBT сертификаты 79 баллдан жогору, IELTS Academic 6.0 баллдан жогору (окутуу англис тилинде жүргүзүлөт);

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы эмгек стажы: кеминде 3 жыл (2027-жылдын 1-октябрына карата 5 жылдан ашык болгону артыкчылыкка ээ);

Кызмат орду: мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле мамлекеттик/муниципалдык мекемелерде жана ишканаларда туруктуу негизде мамлекеттик/муниципалдык кызматта болуу (ТОП/МОП эсепке алынбайт);

Билими: жогорку (адистин дипломунун же бакалавр даражасынын болушу).

Окуу мөөнөтү — 1 жыл: 2027-жылдын октябрынан 2028-жылдын сентябрына чейин

 

Саламаттык сактоону башкаруу «Healthcare Administration»

Жарандыгы: Кыргыз Республикасы;

Жашы: 2027-жылдын 1-октябрына карата 40 жаштан ашпашы керек;

Англис тили: TOEFL-iBT 80 баллдан жогору, IELTS (Academic) 6.0 баллдан жогору (талкуу жүргүзүү жана диссертация даярдоо үчүн англис тили керек);

Иш стажы: 2027-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик сектордогу өкмөттүк ведомстводо саламаттык сактоо чөйрөсүндө толук ставкада кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы болушу жана арыз берүү учурунда, ошондой эле кабыл алуучу университетке өткөндөн кийин ошол эле жумуш ордунда иштөөнү улантуусу зарыл.

Билими: жогорку (медициналык администрация боюнча адистин дипломунун же бакалавр даражасынын болушу).

Окуу мөөнөтү — 1 жыл: 2027-жылдын октябрынан 2028-жылдын сентябрына чейин

Бул стипендиялык программага катышуу үчүн көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген талапкерлерди сунуштоону өтүнөбүз.

Талапкерлердин бардык документтери (арыз формасы, медициналык форма, сунуш каттар, эссе ж.б.) англис тилинде толтурулуп, Агенттиктин дарегине (Чүй проспектиси 122, 3-кабат, 310-кабинет) 2026-жылдын 1-октябрына саат 17:00гө чейин кечиктирилбестен тапшырылышы керек.

Программа боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: 62-02-42, +996 554 20-96-63 (Шамиль).

Өтүнмөлөрдү берүү боюнча колдонмо жана керектүү документтер төмөнкү шилтемеде:

https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ja/11_000001_00400.html

 

wpChatIcon
wpChatIcon