АГЕНТТИКТЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ОНЛАЙН БРИФИНГ ӨТТҮ 2026-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган онлайн брифинг өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында уюштурулду. Онлайн брифингге Агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Усеналиева, “ЭлТР” МТРКнын директору Эрлан Догдурбеков Агенттиктин Басма сөз- катчысы Сураган Босумбаев жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Брифингдин жүрүшүндө мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу, кызматкерлердин укуктук жана этикалык маданиятын жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле коррупцияга каршы маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттарын калыптандыруу жана коомчулукта коррупцияга каршы маданиятты бекемдөө маселелерине көңүл бурулду. Брифингдин алкагында ЖМК өкүлдөрү Агенттиктин жүргүзүп жаткан иштери, маалыматтык кампаниялар, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы чаралар боюнча суроолорун беришти. Коррупцияга каршы аракеттенүү — мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдун биргелешкен аракетин талап кылган маанилүү багыт. Агенттик өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында коррупциянын алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантат. #КоррупциягаКаршыАракеттенүү #КоррупциягаКаршыМаданият #МамлекеттикКызмат #МуниципалдыкКызмат #ЖергиликтүүӨзАлдынчаБашкаруу #АчыкАйкындуулук Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик агенттикте И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн «Ачык эшиктер күнү» өттү