Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 ПЖ “ Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө ” Жарлыгына ылайык, административдик кызмат орундарынын башкы топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Башкы кызмат орундары үчүн: – мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юридикалык, экономикалык, техникалык, гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим. – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ: Башкы кызмат орундары үчүн: Жалпы Мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасыны Мыйзамы; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик багыты боюнча: 1) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын ”Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы; 8) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы; 9) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу; 10) “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу. КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР e-Kyzmat автоматташтырылган маалымат системасынын https://kyzmat.gov.kg/ порталындагы “Жеке кабинет” аркылуу тапшырылат: – өзүнүн арызы; – өздүк баракча; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); жогорку билими жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер; –эмгек китепчеси; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер; – паспорт. Документтер 2026-жылдын 12-октябрынан 22-октябрына чейин кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат. Дареги: Кош-Дөбө айыл өкмөтү Чыныбек Болуш көчөсү №64 Байланыш тел: 0775200488 Жазуулар боюнча багыттоо Көк-Жаңгак шаардык мэриясы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы