Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти мамлекеттик кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлардын резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Билим:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер.
Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Билим:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер.
Административдик кызмат орундарынын башкы топторуна: аквакультура, балык уулоо, жасалма асылдандыруу, балык ресурстарын өндүрүү жана балык чарба көлмөлөрдү паспорттоштуруу багыттары боюнча квалификациялык талаптар
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– балык уулоо, ихтиология, биология, экология, юридикалык боюнча жогорку билим.
2. Иш стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
– Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 35 “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
– 2009-жылдын 26-майындагы № 166 “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлик Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” КР САЧКӨМдүн 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05-17/343 буйругу;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлик Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” КР САЧКӨМдүн 2026-жылдын 17-февралындагы № 05-17/39 буйругу;
– КР САЧКӨМдүн «Аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык нормалар жана талаптар» 2022-жылдын 10-августундагы № 257-ни буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти жөнүндө жобосу.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер.
Билгичтиги:
– балык чарбасы чөйрөсүндөгү иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– балык уулоону уюштуруу жана жүргүзүү, балык ресурстарына мониторинг жана көбөйтүү;
– талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен натыйжалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, балык чарбасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
– чыр-чатактарды жөнгө салуу;
– өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– коллективде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык байланыштын заманбап ыкмаларын колдонуу.
Жөндөмдүүлүгү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу;
– мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өздөрүнө баш ийүүчүлөргө сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө;
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– белгиленген формаларга ылайык пландарды, иш-чараларды жана отчеттуулукту түзүү.
– компьютердик сапаттуулукка жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
Административдик кызмат орундарынын улук топторуна: аквакультура, балык уулоо, жасалма асылдандыруу, балык ресурстарын өндүрүү жана балык чарба көлмөлөрдү паспорттоштуруу багыттары боюнча квалификациялык талаптар
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– балык уулоо, ихтиология, биология, экология, ветеринария, землеустроительство жана юридикалык боюнча жогорку билим.
2. Иш стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
– Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 35 “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
– 2009-жылдын 26-майындагы № 166 “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлик Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” КР САЧКӨМдүн 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05-17/343 буйругу;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлик Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” КР САЧКӨМдүн 2026-жылдын 17-февралындагы № 05-17/39 буйругу;
– КР САЧКӨМдүн 2026-жылдын 17-февралындагы № 05-17/39 «Аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык нормалар жана талаптар» буйругу;
– КР САЧКӨМдүн «Аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык нормалар жана талаптар» 2022-жылдын 10-августундагы № 257-ни буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти жөнүндө жобосу.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер.
Билгичтиги:
– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– балык чарбасы чөйрөсүндөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
– Кыргыз Республикасынын суу сактагычтарында жана дарыяларында балык уулоону уюштуруу жана ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өнүктүрүү;
– мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндөгү балык ресурстарынын ихтиологиялык мониторингин уюштуруу;
– кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Жөндөмдүүлүгү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– белгиленген формаларга ылайык пландарды, иш-чараларды, бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту түзүү;
– компьютердик сапаттуулукка жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ru бере алышат.
Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерден өткөрүлгөн документтер) тиркелет:
– жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 27-октябрынан 5-ноябрына чейин.
дарек: Киев көч. , 96а, бөлмө. 612 (Укуктук, уюштуруу жана адам ресурстарын камсыз кылуу секторунун башкы адиси), сурап-билүү телефондору: 0500 669 665.
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга укугу жок.

wpChatIcon
wpChatIcon