Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобунун кадрлар резервине (“Балдарды
коргоо жана үй-бүлөнү колдоо” бөлүмүнүн башкы адиси кызмат ордуна) киргизүү
үчүн ачык конкурс жарыялайт
Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:
– мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун
катышуучуларынын документтерин карап чыгуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат
агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө;
– Маектешүү.
I. Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:
Жалпы Мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы ―Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик тили жөнүндө‖;
3) Кыргыз Республикасынын ―Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө‖ Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын ―Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө‖
Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын ―Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө‖ Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын ―Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө‖ Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында
белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу
үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
– Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын иш жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон
көлөмдө санариптик сабаттуулугун болуусу;
– Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр, уюштуруучулук техника менен иштей билүүсү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык
системаларын колдоно билүүсү.
“Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо” бөлүмүнүн башкы адиси кызмат ордуна
(У-Б, 1-штаттык бирдик) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: (Гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана
башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес
же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы №391 токтому
менен бекитилген ―Турмуштук оор кырдалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу
тартиби жөнүндө‖ токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы №522 токтому
менен бекитилген ―Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө‖ токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы №622 ― Багып
алуучу үй-бүлө жөнүндө‖ токтому;
– ―Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3.2. Билгичтиги:
– маалымат жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо ;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада
колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу ;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектик жаңы шарттарына адаптациялашуу;
3.3.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон учурда программалык продуктуларды
колдоно белүү.
II. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтин толук топтомун
электрондук форматта “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталынын
жеке кабинети аркылуу бере алышат.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
Сынакка катышууну каалаган талапкерлер ―e-Kyzmat‖ мамлекеттик порталындагы
(https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу, тиешелүү аймакты көрсөтүү менен
электрондук түрдө арыз бере алышат;
Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөр түрүндө)
тиркелиши керек:
— жогорку кесиптик билимди (негизги жана кошумча, эгер бар болсо) тастыктоочу
документ, анын ичинде транскрипттер/тиркемелер;
— эмгек китепчеси, анын ичинде ага киргизилген кошумча барактар;
— илимий даражаны же илимий наамды тастыктоочу документ (эгер бар болсо);
— кесиптик өнүгүүнү/квалификацияны жогорулатууну тастыктоочу документ (эгер бар
болсо).
Талапкерлер:
1) арыздарын аймакты көрсөтүү менен, бир гана электрондук түрдө тапшырышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке
маалыматтарды берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыкташы керек;
Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды тапшырган
талапкерлер сынакка катышууга коюлбайт.
Сынак өткөрүлгөн мезгил ичинде талапкер өзүнүн электрондук почта дарегине жана ―eKyzmat‖ мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтар менен
билдирмелерди өз убагында карап турууга милдеттүү.
Сынакка катышуу үчүн документтер электрондук форматта гана кабыл алынат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү жарыя чыккан күндөн— 2026-жылдын 21-октябрынан
тартып 3-ноябрын кошо эсептɵɵ менен саат 09:00-18:00го кабыл алынат.
Толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана
миграция министрлигинин (mlsp.gov.kg) сайтынан алса болот.
Дарек: Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Чеги Пазылов көчөсү № 32
Эгерде суроолоруңуз болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:
0774 888-995 Кадр иштери боюнча жооптуу адис Н.З.Замирбекова.
(03239)5-01-31 Кабылдама.

wpChatIcon
wpChatIcon