Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы башкы кызмат орунун элөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигинин орун басары – 1 бирдик (Б–Б) : Квалификациялык талаптар: – жогорку билим: (Дене тарбия жана спорт адистигине артыкчылык берилет). Иш стажы жана эмгек тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенциялары: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын « Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Предметтик мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.12.2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 “Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-ноябрындагы № 7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак–аштын акчалай нормалары жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасынын жетектөөчү спортсмендердин стипендиясы жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”. Билгичтиги: аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн издөө; өз убактысын натыйжалуу пландаштыруу; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; райондук балдар–өспүрүмдөр спорт мектептеринин ишин көзөмөлдөө (башкармалыктын кызматкерлери ортосунда тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын жогорку сапатта түшүндүрүү, оперативдүү даярдоо, башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жацы формаларын жана методдорун өздөштүрүү); маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; чыр–чатакты чечүү; натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү. компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларды билүү (Windows, Word, Excel, Power Point, “Инфодокс”, ОЭП электрондук документ жүгүртүү системалары). Конкурска катышууга ниетин билдирген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат. Арызга тиешелүү документтердин сканерленген көчүрмөлөрү тиркелет: – жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими жөнүндө – бар болсо), тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси жана ага кошумча барактар (бар болсо); – илимий даражасы же окумуштуулук наамы бар экендигин ырастоочу документ (бар болсо); – квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (бар болсо). Талапкер конкурсту өткөрүү мезгилинин ичинде өзүнүн электрондук почта дарегине, ошондой эле «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында көзөмөлдөп турууга милдеттүү. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 25-ноябрынан 4-декабрына чейин (10 календарлык күн). байланыш телефону: 0772 957 605, 0778 980 687 . Жазуулар боюнча багыттоо КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негиздеринде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт: Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү