Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 Улук административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Чыгымдар жана сатып алуулар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Гуманитардык илимдер, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура жана курулуш, Энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы

– “Мамлекеттик жарандык  кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

– “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

– “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

– айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иштөө;

– “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу);

– калктын инфраструктураларынын социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү;

– айыл аймагынын веб-сайтын түзүү жана иштешин камсыз кылуу.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, Социалдык илимдер, Гуманитардык илимдер, Педогогикалык билим берүү, Табият таануу илимдери, Саламаттыкты сактоо, Тейлөө сферасы, Маданият жана искуство).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

– “Мамлекеттик жарандык  кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

– Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

– “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Балдардын укутары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Майыптардын укуктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

– Санарип аймак, ЭДБ (электрондук документ башкаруу).

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышууга ниетин билдирген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат. Арызга тиешелүү документтердин сканерленген көчүрмөлөрү тиркелет:
– жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими жөнүндө – бар болсо), тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси жана ага кошумча барактар (бар болсо);
– илимий даражасы же окумуштуулук наамы бар экендигин ырастоочу документ (бар болсо);
– квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (бар болсо).
Талапкер конкурсту өткөрүү мезгилинин ичинде өзүнүн электрондук почта дарегине, ошондой эле «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында көзөмөлдөп турууга милдеттүү.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 25-ноябрынан 9-декабрына (10 жумушчу күн ичинде) чейин.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефон номерлер: 0995393915, 0558888949.