Аксы районунун Кербен шаарынын мэриясы башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт! Башкы топтогу админстративдык муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар. 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба жана айыл чарба илимдери, Ветеринардык, Гуманитардык илимдер, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура жана курулуш, Энергетика тармактарында). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү Төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндөгү” № 43 Жарлыгы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө» Жобо; – Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо; – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди билүү. – Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. – Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн документтер: – бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз ( контакттык телефон номери, электрондук почтасын көрсөтүү менен); – кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, 4 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү менен; – резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгондугу жана соттолбогондугу жөнүндө маалымат); – билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү дипломдорунун көчүрмөлөрү; Эскертүү: Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта өтүнмө бериш керек. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыя Кербен шаарынын мэриясынын веб сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат. Кербен шаары, Ныязалы көчөсү №7, Кербен шаарынын мэриясы Айпери Туманбаева Тел: 0771 771-015 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Манас шаардык статистика башкармалыгы