Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү сектору

Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү сектору  
БАКАСОВ Султан Бакасович Заведующий сектором (Сектордун башчысы) 62-25-84
МАДАНБЕК кызы Тохтохан Главный специалист (Башкы адис) 62-25-59
УМИРКУЛОВА Айзада Ведущий   специалист (Жетектөөчү адис)                        62-25-59
  Сектор укуктук камсыздоо бөлүмүнүн түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Сектордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: — жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана иштеп чыгууга катышуу; — сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча макулдашуу үчүн Агенттикке келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды берүү, Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жасалган корутундуларды макулдашуу; — тармактын компетенциясына кирген маселелер боюнча Агенттиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү; — жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтунун иштөө маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү. Сектор төмөнкү функцияларды аткарат: — сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Агенттиктин чечимдеринин долбоорлорун, эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди жөнгө салуучу макулдашууларды, меморандумдарды иштеп чыгууга катышуу; — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук билимдерин жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аларга катышуу; — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын жана мыйзам алдындагы актыларынын талаптарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча агенттиктин чечимдеринин жана сунуштамаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана алардын натыйжалары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу; — Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, тармактын компетенциясына кирген маселелер боюнча Агенттиктин чечимдерин инвентаризациялоону уюштурууга жана жүргүзүүгө катышуу, анын негизинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана чечимдерин даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү, аларды мыйзамдарга ылайык келтирүү; — Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, компетенциясына кирген маселелер боюнча Агенттиктин башка бөлүмдөрү киргизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна макулдашуу жана корутундуларды бекитүү үчүн башка мамлекеттик органдардан келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна корутундуларды берүү; сектордун; — жергиликтүү жамааттарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук маселелер боюнча уюштуруучулук, методикалык жана консультациялык жардам (колдоо) көрсөтүү; — Агенттиктин жетекчилигинин тапшырмаларын (жазуу жана оозеки) аткаруу; — сектордун компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашыруу.