Укуктук камсыздоо бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Жобосуна ылайык укуктук камсыздоо бөлүмү (мындан ары бөлүм) Агенттиктин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Агенттик жөнүндө Жобону, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. Бөлүм өз ишин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр менен, ошондой эле жетекчиликтин тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык жана эксперттик коомчулук менен тыгыз байланышта жүргүзөт. Бөлүмдүн милдеттери — мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү; — агенттик түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат; — башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларынын жана документтеринин долбоорлорун даярдоого катышат; — мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын токтомдорунун жана буйруктарынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт; — бөлүмдүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын каттарын карайт; — мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун орагандарына, жарандарга мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтөт; — жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо секторунун ишин координациялайт.  
Ф.И.О. должность контактные данные
УСЕНАЛИЕВА Бактыгуль Сыртбаевна   заведующая отделом   62-42-17
КЕНЕНБАЕВ Даниэл Карымбаевич   и.о.ведущего специалиста   66-03-40 danielkenenbaev@gmail.com  
ТЫНАРБЕКОВ Максат Тынарбекович   специалист   62-42-25 Maksattynarbekov722@gmail.comn
БАКАСОВ Султан Бакасович   заведующий сектором   62-25-84 sultan.bakasov@mail.ru
МАДАНБЕК кызы Токтокан   главный специалист   62-25-59
УМИРКУЛОВА Айзада ведущий   специалист   62-25-59