
- Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики > Күн тартибинде > JDS долбоорунун Башкаруучу Комиссиясынын жаңы отуруму болду.
Архивы
This post is also available in: Kyrgyz
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте JDS долбоорунун Башкаруучу Комиссиясынын жаңы отуруму болду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Агенттиктин директору ДЖАНТАЕВ Эльчибек Нуржадыевич Япон Өкмөтүнүн атынан Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси МАЭДА Сигэки мырза катышты.
Күн тартибиндеги отурумунда комиссия мүчөлөрүн бири-бирине тааныштыруу менен магистрдик, доктордук программанын кабыл алуу, тандоо иштерин уюштурууну талкуулашты.
Башкаруучу комиссиясынын ар бир мүчөсүнүн алдында буга чейин топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен бул Долбоорду мүмкүн болушунча эффективдүү жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча олуттуу милдеттер турат.
Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Япон Өкмөтүнүн атынан келгендерге кызматташуу боюнча ыраазылык айтуу менен кыргыз тарап мындан ары карай дагы тыгыз кызматташууга ынтызаар экенин билдирдирүү менен төмөнкүлөргө токтолуп: “Долбоорго катышуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин көбүрөөк санын тартууга, алардын ичинен эң келечектүү жана таланттуу жаштарды аныктоого өзгөчө көңүл буруу зарыл, алар окуудан өткөндөн кийин мамлекетке зарыл болгон маанилүү жана артыкчылыктуу чөйрөлөрдө жогорку профессионалдуулугун көрсөткөндөй болууга тийиш”,- деди.
Ошондой эле отурумга комиссиянын мүчөлөрү: КР JICA Өкүлчүлүгүнүн Туруктуу өкүлү КАВАМОТО Хироюки, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармачылыгы Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Ж. БАКИРОВ, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармачылыгы, адам ресурстары бөлүмүнүн эксперти А. ШАМЕЕВ, Агенттиктин Директорунун орун басары Д. Исаматов, КР Тышкы иштер министрлиги, министрдин орун басары А. МАДМАРОВ, КР Финансы министрлиги, министрдин орун басары А. ТАТИКОВ жана Кыргыз Япон тараптарынын байкоочулары менен уюштуруучулары катышты.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
720017 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 122 Кабылдама: 0312 62-04-05, 62-02-43, факс 62-25-43. Жалпы бөлүм 62-0243, Кеңсе 62-02-43, Ишеним телефондору 66-02-95; 66-03-37; 66-03-39 е-mail: mmkyzmat@mkk.gov.kg