Бүгүн, 2022-жылдын 12-январында, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (КӨИА) Бишкектеги өкүлүн кабыл алды.

Жолугушууда айыл элин таза суу менен камсыздоо иштерин жакшыртуу боюнча пикир алышуу болду. Тактап айтканда, суу менен камсыздоо жана санитария боюнча маалыматтык системаларын “Санарип Аймак” системасына интеграциялоо маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде КӨИА долбоорунун өкүлдөрү кызматташууну улантууга кызыктар экендигин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда, Агенттиктин директору алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга ишенимин билдирди.