Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс жарыялайт.

Муниципалдык резерв — айыл өкмөтүнүн башчысынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдердин) тобу.

Муниципалдык резервди түзүүнүн максаты айыл өкмөт башчыларынын бош кызмат орундарын эң квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу болуп саналат.

Муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
1. Документтерди кароо;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;
3. Аңгемелешүү.

(тестирлөө үчүн ченемдик-укуктук актылардын тизмеси)

Муниципалдык резервге төмөнкү адамдардын ичинен тандоо жүргүзүлөт:
— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде (мындан ары — Улуттук резерв) тургандардын;
— квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.

Улуттук резервде турган, муниципалдык резервге конкурстук тандоого катышууга каалоосун билдирген адамдар аңгемелешүү этабын өтөт.

Муниципалдык кадрлар резервине кирүү үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлган:
Айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна — жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
тиркемеге ылайык форма боюнча өзүнүн арызы;
тиркемеге ылайык форма боюнча резюме, сүрөтү менен;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2022-жылдын 14-февралынан 25-февралына чейин.

Айыл өкмөттөрунүн башчысынын кызмат ордуна  кагаз вариантындагы документтерди ылдам тиккичке тиркеп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырсаңыздар болот.

Агенттиктин аймактык өкүлчүлүктөрү:

Бишкек ш., Чуй пр., 122 (кириш Панфилов көч. тарабынан), 1-этаж, кабинет № 3, 62-05-49,
Ош ш., Ленин көч. 221, Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, тел.: 03222 5-66-15;
Жалал-Абад ш., Эркиндик 11 көч., здание Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, тел.:03722 2-45-66;
Баткен ш., , Т. Сыдыков көч., Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, тел.: 03622 5-02-93;
Нарын ш., Ленин көч.76, Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, тел.: 03522 5-23-00;
Каракол ш., Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, тел.:03922 5-05-65;
Балыкчы ш., Токтосунов көч. 47, Социалдык фондунун имараты, тел.: 03944 5-07-12;
Талас ш., Бердик Баатыр көч. 287, Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, тел.: 03422 5-48-99

Сайт: www.mkk.gov.kg.